Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Казакстан жалпы Борбор Азиялык энергосистемасына кайра кошулду


Бул тууралуу “Улуттук электр станциялары” АК маалымдады. Казакстан бул системага Борбор Азиялык өлкөлөрдүн энергетиктери менен 6-мартта Алматы шаарында болгон жолугушуудан кийин кайрылып келди. Белгилүү болгондой февраль айынын аягында казак тарап жалпы системадан электр энергиясын алууда Тажикстандын кетирген калпыстыктары үчүн бул системадан баш тарткан, бул болсо өз кезегинде башка коңшуларынын, анын ичинде Кыргызстандын да энергетика тармагына терс таасирин тийгизип, электр энергиясын кошумча чектөөгө мажбур кылган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG