Мындан сырткары фракциянын бүгүнкү жыйынында депутаттар Исхак Масалиев, Нургазы Айдаров жана Арапай Төлөновдор демилге көтөргөн “Коммерциялык уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулары күтүлүүдө. Март айында эле эки журналистти, “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевди жана “ОшТВ” телерадиокомпаниясынын операторун белгисиз бирөөлөр ур-токмокко алышкан. Кесиптештери бул учурду алардын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырышууда. (КЕ)