Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердиги мыйзам тарабынан жөнгө салынуусу керек


Мындай маалыматты КРнын Президентинин Катчылыгы “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча таратты. Ошондой эле маалыматта “коммерциялык эмес уюмдар эмне иш менен алектенип, акчаларын эмнеге коротуп жатканын коомчулук билүүгө акылуу. Алардын ишмердиги, анын ичинде каржылык жагы ачык жана айкын болууга тийиш”, -деп жазылат. Ошол эле кезде сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору дагы иштелүүгө жана тактоолорго муктаж экендиги белгиленип, долбоор жарандык коом өкүлдөрүнүн, эксперттик жамааттын жана ар кыл саясый күчтөрдүн сын пикир, талкуусунан соң анан Жогорку Кеңешке киргизүүнү сунуш кылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG