Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Мусулман аялдар Билим берүү министрин кызматтан кетишин талап кылышууда


“Мутакалим” мусулман аялдарынын прогрессивдүү коомдук бирикмеси Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке жоолук салынып барууга тыюу салган мыйзамын жокко чыгарууну жана министрдин кызматтан кетишин талап кылып сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган бирикменин төрайымы Жамал Фронтбек кызы бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ушундай арыз менен мусулман аялдар Райондук аралык сотко кайрылышкан. Эгер мындан майнап чыкпаса алар жогорку жана Эл аралык сотко чейин кайрылуу нитеинде экенин билдирди. “Бул мыйзам Кыргызстандын Конституциясына каршы келет жана дискриминация болууда,- дейт Ж.Фронтбек кызы. Мызамды жокко чыгарууну талап кылып учурда республика боюнча 50 миң кол топтолгон. “Сот ишти караганча 100-200гө жетет”,- деп билдирет Ж.Фронбек кызы. (КЕ)

XS
SM
MD
LG