Райсотто жүргөн кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун билдиргени боюнча А. Жекшенкуловду азыр эле Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Ага ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан "Киши өлтүрүүгө катышы бар” жана “Курал-жаракты башка бирөөгө мыйзамсыз пайдаланууга берген” деген эки берене менен айып тагылгандыгын БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Асанбек Сарыбаев “Азаттыкка” кабарлады. Биринчи Май райондук соту А. Жекшенкуловду кармоону улантуу боюнча санкция берүү маселесин карап жатат. Мындан тышкары бүгүн сот адвокат Нина Зоотованын А. Жекшенкуловдун мыйзамсыз кармалгандыгы тууралуу доо арызын жана анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн карашы күтүлүүдө.(ZKo)