Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:48

А. Жекшенкуловдун адвокаты аны УКМКнын абагына кармоону сурайт


Адвокат Нина Зоотованын журналисттерге билдиргени боюнча эгер Биринчи Май райондук соту А. Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртпөсө, жактоочулар сотко мына ушул өтүнүчтү коймокчу. Адвокаттын айтуусунда УКМКнын абагында абал жакшыраак. Ошондой эле Нина Зоотова бүгүн түштөн кийин А. Жекшенкуловдун тапанчасына жүргүзүлгөн баллистикалык экспертиза корутундусунун көчүрмөсүн алууга жетишти. Эми адвокат тапанчага баллистикалык экспертиза дагы бир жолу, Орусиядан жүргүзүлүүсүн өтүнүп, сотко кайрылмакчы.(ZKo)
XS
SM
MD
LG