Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

12-Март: Тарых барактары


Генерал-майор М. Д. Скобелев Кокон хандыгына каршы жасалган жазалоочу чапкынды чагылдырган «Илимий аскердик» отчетун 1876-жылдын 12-мартында жогорку бийликке жолдогон.

Азыркы «Слово Кыргызстана» гезитинин биринчи саны 1925-жылдын 12-мартында Пишпек шаарында жарык көргөн. Ал кезде гезит «Батрацкая правда» аталып, ал областтык басма сөз органы катары эсептелген. Кийин 1925-жылдын 24-июнунда гезит «Крестьянский путь», 1927-жылдын 9-январында «Советская Киргизия» болуп өзгөрүп отурган.

Кыргызстан борбору Фрунзе шаарында калктын саны өсүп, аны менен кошо мектептер дагы көбөйгөн. Мындан улам борбордогу мектептердин ишин уюштуруш максатында 1930-жылдын 12-мартында шаардык Элге билим берүү бөлүмү уюшулган.
Шериктеш мамлекеттердин чегара кызмат жетекчилеринин кезектеги 46-жыйыны 2003-жылдын 12-март күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Жыйында өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылып, Кеңештин жобосуна айрым өзгөртүүлөр киргизилип, чегара кызматын өркүндөтүү үчүн бирдиктүү аракет көрүп, белгиленген долбоорду каржылоо сыяктуу маселелер талкууланган.

Кыргызстандагы агрардык реформанын 10 жылдыгына арналган эларалык илимий конференция 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Илимий конференцияга Шериктеш мамлекеттерден, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эларалык уюмдардын эксперттери, Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы илимпоз-адистери болуп, жалпы жонунан 400 чамалуу адам катышкан.

Англия менен Франция Биринчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Константинаполь шаарын Россияга биригишине 1915-жылдын 12-март күнү макулдугун беришкен.

Кытай рефолюциясынын лидери Сунь Ятсен дүйнөдөн кайткандан кийин, Гуанчжоудагы бийлик 1925-жылдын 12-мартында армия командачысы генерал, улутчул жана антикоммунисттик көз карашы менен айырмаланган Чан Кайшиге өткөн.

Персия мамлекетинин аталышы 1935-жылдын 12-март күнү Иран болуп өзгөртүлгөн.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Гарри Трумэн 1947-жылдын 12-март күнү конгрессте сүйлөгөн сөзүндө, коммунисттик коркунучка каршы күрөшүүнүн доктринасын жар салган. Г. Трумэн Греция менен Турцияны америкалык кызыкчылыктын алкагына кирген өлкөлөр экендигин билдирген.

Бельгия калкынын басымдуу көпчүлүгү 1950-жылдын 12-март күнү өткөрүлгөн референдумда монархиялык түзүлүштүн калыбына келтирилиши үчүн добуш беришкен.

Чеченстан 1992-жылдын 12-март күнү Россия Федерациясынын курамынан чыгып эгемен өлкө атыккандыгын жар салган.
Рим Папасы Иоанн Павел II католик чиркөөсүнүн адам баласына келтирген запкысы үчүн 2000-жылдын 12-мартында кечирим сураган.
Теңдешкиз парктарды курган атактуу француз архитектору Андре Ленотр 1613-жылдын 12-мартында жарык дүйнөгө келген. Андре Ленотр Версальдагы королдук парктардын ансамблын түзгөн Сен-Жермен, Фонтебло, Шантийи, Сен-Клу, Тюильри парктарын курган. Архитектор Англиядагы Сент-Джемсск жана Гринвич парктарынын долбоорун даярдаган. Париж шаарындагы Елисейск талаасынын ажайып кооздугу архитектор Андре Ленотронун чеберчилигине байланыштуу.

«Башкар Британия!» гимндин автору жана англис композитору Томас Августин Арн 1710-жылдын 12- мартында туулган.
Америкалык ишкер жана айтылуу фирманын негиздөөчүсү Клемент Студебекер 1831-жылдын 12-мартында жарык дүйнөгө келген. Адегенде ал фургондорду ремонтточу мастерскойдо темир уста катары эмгектенип, кийин төрт бир тууганы менен фургон чыгарчу фирманы негиздеген. Клемент Студебекердин фургондору Батышка жер которгон фермерлер үчүн алмашкыз жүк ташуучу каражатка айланып, бир туугандардын иши илгерилеген.Компаниянын иш тарыхында 750 миң фургон чыгарып, 1897-жылдан тарта фирма «Студебекр» автомобилин өндүрүшкө киргизген.

Британия армиясынын капитаны Чарльз Каннингем Бойкот 1832-жылдын 12-мартында туулган. Чарльз Бойкот армиядан бошонгондон кийин Ирландияда дыйканчылык менен шугулданган. Чарльз Бойкот дыйкандарга жерди ижарага берип, 1880-жылкы кургакчылыктан кату кыйналшган. Ишкер фермерлерден ижаранын акысын төлөөнү талап кылып, эки тарап ортосунда пикир келишпестик чыккан. Фермерлер иш ташташып Бойкот менен мамилесин үзүшкөн. Бойкоттун үй бүлөөсү элден чыгып, мал-мүлкүнөн айрылып жакырчылыкка кирген. Капитандын фамилиясы болсо терс маанидеги лакаб ысымга көчүп, «бойкот» сөзү болсо эларалык терминге айланган.

Геохимия, биохимия, радиогеология илимлеринин негиз салуучусу, биосфера илимин ачкан айтылуу орус окумуштуусу Владимир Иванович Вернадский 1863-жылдын 12-март күнү жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG