Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

АКШ менен Британиянын медиа уюмдары Иран бийликтерин абактагы журналистти бошотууга чакырышты


Теги боюнча ирандык америкалык журналист Роксана Сабери быйыл 31-январда камакка алынган жана маалыматтарга караганда, саясий айыпкерлер олтуруучу түрмөдө кармалууда. Иран бийликтеринин ырастоосунда, Сабери өлкөдө кабарчы катары журналисттик документтери жок экенине карабай иштеген. Ал эми журналисттин атасынын айтымында, ал бир бөтөлкө вино сатып алганы үчүн камалды. Мындайга Иранда шарият мыйзамы боюнча тыюу салынган.

Иран бийликтерин журналистти бошотууга өткөн аптада АКШнын Мамлекттик катчысы Хиллари Клинтон да чакырган эле. Азыркы кайрылууга кол койгондор арасында ABC, BBC, Wall Streer Journal өңдүү медиа уюмдардын жетекчилери кол койгон.

XS
SM
MD
LG