Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Түркия ЭКУга мүчө өлкөлөр террорго каршы глобалдык күрөшкө кол кабыш кылуусу керек деп эсептейт


Бул тууралуу Түркиянын президенти Абдулла Гүл Экономикалык кызматташтык уюмунун бүгүн Тегеранда ачылган саммитинде сүйлөгөн учурунда билдирди.

Ал эми Ооганстандын президенти Хамид Карзай ЭКУга кирген өлкөлөрдү Кабулга наркоаткезчиликке каршы күрөштө жардам көргөзүүгө чакырды.

Жыйындын конок ээси - Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад саммитин ачылышындагы сөзүндө АКШны жана дүйнөнүн башка ири державаларын "адилетсиз экономикалык тартип" түзгөнү үчүн айыптап, ал глобалдык каржы кризисине алып келгенин белгиледи. Глобалдык каржы кризиси – ЭКУнун азыркы саммитинин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири.

Экономикалык Кызматташтык уюму 1985-жылы Иран, Пакистан, Түркия тарабынан түзүлгөн. Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан уюмга көз карандысыздык алгандан кийин кошулган.

Бүгүнкү жыйынга ЭКУга мүчө өлөкөлөрдүн лидерлеринен тышкары Ирактын президенти Жалал Талабани,Сириянын вице-президенти Фарук ал-Шара кадырлуу конок катары катышууда.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Курманбек Бакиев Тегерандагы саммитке барган жок.

XS
SM
MD
LG