Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Орус майып өз укугун талашaт


Павел Обиух 2-мартта Москвадагы пресс-конференцияда
Павел Обиух 2-мартта Москвадагы пресс-конференцияда

Орусиянын "Сибир" аба жолдору учагына отургузбай койгондон кийин азиз жүргүнчү аба жолдорун майыптарга карата эрежесин өзгөртүүнү жана өзүнөн эл алдында кечирим суроону талап кылууда. Биринчи баскычтагы майып жана майыптардын регионалдык "Перспектива" уюмунун мүчөсү Павел Обиух болбосо "Сибирди" сотко берүүгө ниеттүү.

Павел Обиух 18-февралда Казанга учмак. Бирок Москвадагы Домодедово аба бекетинде аны учакка отуругузуудан баш тартышкан. "Сибир" аба жолдорунун кызматкерлери ага жанында бирөө коштоп жүрбөсө, жалгыз уча албай тургандыгын айтышкан.

Обиухтун көзү азиз. Ал майыптар уюмунун мүчөсү катары Орусиянын ар кай жерлеринде майыптар менен семинарларды өткөрөт, буга чейин аны учакка отургузбай учур болгон эмес:

- Адатта, система мындайча иштейт: алгач катталуу борборуна барасың, ал жактан сени аба бекетиндеги медициналык борборго жиберишет. Ал борбордон катталууга жардам берип, учакка отургузуп коюшат. Бирок Домодедоводо медицина борборунан телефон чалышканда, "Сибир" аба жолдорунун өкүлү аба жолдорунун эрежеси боюнча жанымда жандаган киши же ит болбогондуктан, уча албай турганымды айтты, - деп билдирди Обиух биздин радиого.

Обиухтун башынан өткөргөн бул окуя Орусиядагы миллиондогон майыптардын татаал тагдырынан кабар берип турат:

– Мага бул окуядан бул өлкөдө майып адамдарга экинчи сорттогу адамдар катары мамиле кылгандар мындай мамилесин жашырышпайт дагы экендиги анык болуп калды. Бул мен көзүм көрбөгөнүм үчүн гана уча албай турганымды билдирет. Менин укуктарым жанымда отурган жүргүнчүнүкүнөн бөлөкпү?

Орусияда майыптарга жумуш табуу өтө оор, буту чолокторго имараттарга же коомдук унаага кирип-чыгуу азап, натыйжада көбү төрт дубалда камалып отурушат. Бирок Обиух иштеген "Перспектива" уюмунун жетекчиси Денисе Роза мамиле өзгөрүп жаткандыгын белгилейт:

– Тилекке каршы дискриминация, майыптардын укуктарын басмырлоо дагы деле бар. Бирок мындан бир нече жылдар мурдагыдан айырмаланып, азыр эл бул мындай көрүнүштөрдү айыптап, дискриминацияга жол бербеш керек, муну өзгөртүш керек деп жатышат.

Обиух учурда "Сибир" аба жолдорунан эл алдында кечирим суроону талап кылууда. Ал ошондой эле компаниянын жетекчилигин майыптардын жалгыз-жарым учакка түшүшүнө жол берүүнү суранды. "Сибир" аба жолдору биздин радиого компания өзүнүн ички эрежелерин гана сактап жаткандыгын билдирди.

Негизгиси, коомдо өзгөрүү болуп жаткандыгы үмүттөндүрүүдө. Обиух кийин Татарстан аба жолдору менен учканда эч кыйынчылык болгон эмес. "Перспективанын" жетекчисинин айтымында, алтургай Обиухту учакка киргизип эле эмес, аны бизнесс класс бөлүмүнө отургузушкан. Татарстан аба жолдору майыптарга башка жүргүнчүлөр менен бирдей мамиле кылыш керектигин көрсөткүлөрү келди.

XS
SM
MD
LG