Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Дүйшөн Чотонов: Эл менен оппозицияда башка жол жок


“Азыркы бийликтин башкаруу системасына каршы күрөшүүдө элде да, оппозицияда да массалык нааразылык акцияларына чыгуудан башка эч кандай жол, тандоо калбады. Анткени президент Бакиев жана анын айланасындагылар саясий кырдаалды сүйлөшүү жолу менен эмес, талкалап, уруп-сабоо, коркутуу, камоо жолу менен өздөрүнүн бийлигин сактап калууга аракеттенип жатканы баарына ачык көрүнүп турат”. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Дүйшөн Чотонов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 27-мартта бүт Кыргызстан боюнча мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталат. “Оппозиция ошол күнү БЭКтин курултайы тапшырган милдеттенмелерин аткарууга аракет кылат. Жалпы Кыргызстан боюнча бардык жерде оппозициялык күчтөр, саясий партиялар, алардын жактоочулар митингдерди уюштурушат,” деген Дүйшөн Чотонов азыркы авторитардык система менен аягына чейин күрөшүүдөн башка жол жок, деп эсептейт.
Кечээ оппозициялык Бириккен элдик кыймылы азыркы башкаруу системасына каршы мөөнөтсүз нааразылык акцияларын 27-мартта жалпы Кыргызстан боюнча баштай тургандыгын билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG