Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Чыныбай Турсунбеков: Агропродкорпорация мамлекеттин акчасын алып-сатуучулукка жумшап жатат


Агропродкорпорацияга мамлекет тарабынан жергиликтүү айыл чарбасын өнүктүрүү максатында чоң суммадагы каражат бөлүнөт, бирок алар учурда Казакстандын унун сатып алып, аны кайра сатуу менен алек, деп белгиледи ишкерлер союзунун төрагачы Чыныбай Турсунбеков. Бул тууралуу ал бүгүн өтүп жаткан ишкерлердин 4-курултайында айтып кетти. Ч. Турсунбеков мамлекет өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн аларды өстүрүүгө кеткен чыгымдарды жаба турган баада сатып алууну уюштурса жакшы болмок, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG