Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Ишкерлер мамлекет аларды рейдерлерден жана кылмышкерлерден да коргоосун өтүнүшөт


Бул туурасында ишкерлер бүгүн өтүп жаткан 4-курултайы учурунда билдиришти. Ушул тапта кичи жана орто бизнес жаатындагылар ишкерлигин жоготуп алуу коркунучунан жана кылмыш дүйнөсүнө салык төгүүдөн тажашты. Ошондуктан, өкмөт аларды милдеттүү салыктардын түрлөрү менен муунтуудан көрө мына ушундай тоскоолдуктардан да сактаса жакшы болмок, деп эсептешет ишкерлер.
Ишкерлер биримдигинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун белгилегени боюнча социалдык төлөмдөр үчүн алынуучу салык 27% түзүп атканы ишкерлерге оорчулук келтирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG