Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ноокендеги “атамекенчилер” БЭКтин чечимин колдошту


“Ата Мекен” партиясынын Ноокен районундагы мүчөлөрү бүгүн Кочкор-Ата шаарына чогулуп, БЭКтин республика аймагында бир күндүк митинг өткөрүү чечимин колдошту. Бул тууралу партиянын облустагы тентөрагасы Советалы Сеитбеков билдирди. Анын айтымында, алар 27-мартта нааразылык акциясына катыша турган болушту. Жыйында ошондой эле «Ачык саясат» гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековго ачылган кылмыш ишин токтотуу талабы да коюлуп, Кыргызстан калкына кайрылуу чечими кабыл алынды. Соңку айларда адам укугу басмырланып,сөз жана басма сөз эркиндигине коркунуч туулуп, жарандар өкмөттүкүнөн башка калыс, бейтараптуу маалымат ала албай калгандыгына тынчсызданууларын белгилешти,- деп билдирди Советалы Сеитбеков (YA)

XS
SM
MD
LG