«Бириккен элдик кыймылдын жолбашчыларынын бири Аликбек Жекшенкуловдун камалышы бийлик аны жүйөөлү сындаган жарандар менен таптакыр келишпей тургандыгын айгинеледи. Ошол эле учурда акыркы күндөрү оппозициячыл партиялардын аймактардагы лидерлери тынымсыз куугунтукталып, аларга жана үй-бүлөсүнө карата адам чыдагыс кордуктар жасалууда. Мындай учурда өлкөнүн болочогун ойлогон ар бир мекендеш үйүндө кайдыгер жатууга акысы жок. Биринчи президент Акаевдин жолоюна түшкөн азыркы режимди эске келтирүүдө бүтүндөй коомчулук активдешпесе, Кыргызстан Өзбекстандын кейпин кийгени калды. Ушул Сизге керекпи?» деп аяктайт «ата мекенчилердин» кыргыз журтчулугуна кайрылуусу. Ош облустук бийлиги оппозиция ультиматум койгондон көрө сүйлөшүүгө барып, өлкөнү өйдөлөтүү жаатында идиректүү сын-сунуш айтып турса, жакшы болмоктугун билдирди. (ATo)