Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Ош: Ыңкылап мүдөөлөрү ишке ашпай калды


2005-жылдагы март ынкылабынын Оштогу жол башчыларынын алды камалып, арты төрт жылдан бери жумушсуз жүрүшөт. Алар мындай абалдын түзүлүшүнө ыңкылап максатына жетпей, жаңы бийлик коррупцияга баткандыгы башкы себепкер деп жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо эл арасындагы мындай пикирге макул эмес.

Мындан туптуура төрт жыл мурда өмүрүн тобокелге салып, каржалган калктын айрым катмарынын катышуусунда Ош облустук жана шаардык бийлигин алмаштырганга жараган жергиликтүү ыңкылап жол башчыларынын бардар турмушта жашайбыз деген тилеги таш каап олтурат. Ыңкылапчулар баштагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп, өлкөнү туш тарабынан кризис каптагандыктан, ошондогу максаттар дээрлик орундалбай калганын айтышууда.

Оштогу март ыңкылабынын жолбашчыларынын бири, “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотонов бул туурасында мындай дейт.

- Акаев мукуратканда кууп чыкканбыз, кызмат да сураган жокпуз, байлык да сураган жокпуз, ушул заман эле оңолсо деген тилек болгон. Бирок булардын кылып аткан кылыктары Кыргызстан мындан кийин кандай жол менен кетээрин аныктайт. Өзбекстанга окшогон мамлекет болобузбу, же Кыргызстан өзүнчө баягы келаткан жолубуздан тайбай цивилизациялык жол менен кетип өнүгө алабызбы? Мыдай басым менен, зордук менен, коркутуу менер элдин кайдыгерлигин пайдаланып, маселени байлык, акча менен чече берсек жакында басмачы чыгат. Он пайыздай адам чогулуп алып эле калган 90 пайыз элди эзип, канын соро берсе басмачы чыгат да. Мен чыккпасам башка бирөө чыгат. Мени атып таштаса дагы бир бала төрөлөт кыргыздан.

Президент Бакиев эл аралаганда төрт жылдан бери убада берип, бирок жумуш бербей бош жүргөн Дүйшөн Чотонов мындан ары деле бу бийлик жашоону оңдоп жиберээрине түк ишенбейт.

Мындай ойду улаган ыңкылаптын абакта олтурган жетекчилеринин бири, Ош облус губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев Бакиев режими марттагы үзөңгүлөштөрүн чекесинен камап, айрымдарын иштен четтетип, кайрадан акаевчилер менен тил табышкандыгына кыжаалат:

- Президенттин инисине каяша сүйлөп койдуң деп ушул кордукту көрсөтүп атат. Мен элдин патриоту болгонмун. Ошондо “төңкөрүш жасагансынар” деп камалып кеткенибизде атылат элек, же 25 жыл алат элек. Баардыгы жакшы билет революцияны жалаң эле фанаттар кылдык эле, азыр күнүн башкалар көрүп жатат. Эми ушундай өч алуулар, бут тосуулар боло бере турган болсо, сот адилеттүүлүгү болбосо, чындык болбосо дагы бир шылтоо таап туруп ушундай акмакчылык болсо “ачкачылык” жарыялайм да өлүп берип кутулам.

Кушбак Тезекбаев ошондой эле азыр да кудум 2005-жылдын мартындагыдай кырдаал түзүлгөндүгүн белгиледи.

Ал эми март ыңкылабы учурунда алкынтып ат минип, далысына “Акаев-отставкага!” деп жазып алып республиканын түштүк башкалаасын түрө кыдырып, элди көтөрүлүшкө үндөгөн Абдылда Капаров жаңы бийлик коррупцияга бекем чырмалгандыгын ачыктады. Ошонун айынан ал чоңдорго байланышкан жоруктун бетин ача коем деп Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчылыгынан жөнсүз бошотулуп, 200 күн абакта жатып чыкты.

- Кыргыздын казынасын миллиарддап тоноп аткандар бар. Ошолор менен күрөшөм деп мен ушундай кырсыкка чалындым.

Полковник Абдылда Капаровдун пикиринде, президент Бакиев айланасындагы жетеленме күчтөр аркылуу эч кандай реформа жасай албайт.

Анткени менен жергиликтүү мамалекеттик органдардын өкүлдөрү эл арасындагы мындай пикирге макул эмес. Маселен, Ош облустук акимчилигинин бөлүм башчысы Сайпидин Момунов жаңы бийлик калк үмүтүн актоодо деген ойдо:

- Жалпы эле облусубуздун баардык райондорунда социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир топ алга жылуусу буга далил болуп саналат. Андан сырткары кадр маселесиндеги жаңылануулар бир топ эле элдин оюндагыдай болуп атам десем жаңылышпасам керек.

XS
SM
MD
LG