Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Турсунбек Акун: 2008-жыл оор болду


“2008-жыл аябай оор болду. Адам укугу боюнча жалпы декларацияга туура келип калды. Көп иш-чаралар өттү. 2008-жылы кыйноолорго каршы 20-февралда протокол кабыл алынды. Эларалык деңгээлде бул чоң резонанс туудуруп атат. Гендер боюнча мыйзам кабыл алынды, мунапыс берилди. Анын негизинде 480 аял кишилер, жаш балдар эркиндикке чыгарылды. Бишкек шаардык кеңешинин митинг-пикеттер боюнча буга чейинки чечимин Конституциялык сот жокко чыгарды”, - деп айтты Акыйкатчы Турсунбек Акун парламенттеги бүгүнкү докладында. Ушул мүнөттөрдө Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште жылдык доклады боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. (TD)

XS
SM
MD
LG