Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Секретариат: Оппозиция опузалабай, диалогго келиши керек


Бүгүнкү билдирүүсүндө Кыргыз президентинин Секретариаты оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүлөрү токтоп калышын өкүнүч менен кабыл алганын билдирди. “Оппозициянын ичинде өздөрүнүн жеке амбициялары эле эмес, жалпы өлкө үчүн ойлонгон адамдар аз эмес, андыктан диалогдон, демек, конструктивдүү кызматташуудан баш тартуу оппозициянын акыркы чечими эмес деп ишенебиз”, - деп айтылат билдирүүдө. Андан сырткары Секретариат таркаткан билдирүүдө “Соодалашуу эмес, диалог форматында гана бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтө берээри” айтылат. (TD)

XS
SM
MD
LG