Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Т.Какчекеев: “Буюртма адам өлтүрүүлөрдүн” көбүнүн бети ачыла элек


Бүгүн Медет Садыркулов автокырсыкта өлгөн болушу мүмкүн деген кабар боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген саясат таануучу Токтогул Какчекеев азырынча ага баа берүүдөн алыс экенин айтты. “Бул окуя бийлик менен оппозициянын ортосунда тирешүү болуп жаткан учурда жүз көргөнүн эске алып, айрымдар аны атайын жасалган иш деп жатышат. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин андай бир жактуу жыйынтык чыгарууга эртерээк”, - деди ал. Бирок, Т.Какчекеевдин айтымында, кыргыз тарыхында белгилүү саясий ишмерлердин ичинен премьер-министр Насирдин Исанов, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган генерал Анарбек Бакаев да автокырсыктан каза болушкан. Аларды да учурунда “киши колдуу болушту” деп айтылганы менен, ал толук далилденбей калды. “Эми Садыркулов да ошондой жагдайда каза болгону айтылууда. Кыргызстанда Акаевдин тушунан бери эле канчалаган бийликтеги адамдар, бизнесмендер атылып кетти. Ошолордун изи табылбай калган учурлар бар. “Буюртма жолдор менен адам өлтүрүү” көрүнүшү Кыргызстанда бар. Бирок азырынча М.Садыркулов да ушундай жол менен өлтүрүлдү деп айтканга негиз жок болуп жатат”, - деди “Азаттыкка” Т.Какчекеев. (TD)

XS
SM
MD
LG