Кыргызстандын түштүк башкалаасынын вице-мэри Мухиддин Мамсадыков «Азаттыкка» маалымдашынча, аймакты иреттеп көрктөндүрүү максатында жаз баш баккандан бери жума сайын жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүүдө. Тилекке каршы, облустук, эл аралык жана менчик мекеме-уюмдар, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары иш-чарага активдүү катышпай жатат. Ушуга байланыштуу шаар жетекчилиги аларга электр энергиясын жана таза суу берүүнү токтотту. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар мэриянын мындай чечимин айыптап, адам укугу басмырланууда деп коңгуроо кагууда. (ATo)