Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Бир жылда Баткен жарандары өбек бажычыларына эки жүз миң сом алдырышкан


Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүм башчысы Бакытбек Сагынбековдун айтымында, Өзбекстандын Сох анклавынан өтүүдө кыргыз жарандарынын акчаларын кошуналардын күч кызматтары мыйзамсыз алып өтүүдө деген күнөө менен алып койгон учурлар тез-тез кайталанып турат. 200 миң сом деген бул облустук акимчиликке арыз менен кайрылгандардын гана эсеби, ал эми арыз жазбагандарды кошсо бул сумма эки эсе жогору болушу мүмкүн. Алынган акчалар Өзбекстандын соту тарабынан мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилген. Өткөн жыл башынан бери мындай акчалар бир да жолу ээсине кайтарылган учур болгон эмес. Ушул маселени женилдетуу максатта азыр облустук акимчилик аймактагы автобекеттерге жана жол жээктерине Сох анклавынан өтүүдө жарандар акчаларын алдырбоо үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүргөн жарнактар илинип жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG