Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бейөкмөт уюмдар "Мээрим булагы" иштөөсүн каалашат


Бир топ жылдан бери талашта жүргөн "Мээрим булагы" жеке менчик балдар үйүнүн менчигин тартып алуу токтотулуп, анын тарбиялануучулары ошол жерде калсын деген талап менен он бир коомдук уюм жалпы коомго кайрылды. Кайрылууда алар 1999-жылдан бери православдардын Ысык-Көлдө кароосуз калган монастыры менен Ысык-Атада белекке берилген бассейнди оңдоп, жеке чарбасын калыбына келтирип алган жеке менчик балдар үйүнүн кожоюну Гүлнара Дегенбаевадан жери менен имараттарын тартып алып, ага ээлик кылууну каалаган тарап балдардын кандай күнгө туш болорун ойлонгон жери жоктугун билдиришкен. Андан тышкары багар-көрөрү жок балдардын тагдырын байлыктан жогору коюуну жана ушундай ыкма ишке ашса андай күн башка уюмдардын башына түшөөрүн эскертишип, коомчулукту көңүл кош болбоого чакырышты. Ал эми балдар үйү боюнча иликтөө жүргүзгөн өкмөттүк комиссия үйдүн ээси Гүлнара Дегенбаева балдардын укугун бузуп, аларды чет өлкөлүктөргө сатууга аракет кылган деген тыянакка келип, Түп районунун акими балдар туугандарына таратылсын деген токтом чыгарган.(BD)

XS
SM
MD
LG