Мындай маалыматты "Азаттыкка" президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов билдирди. Анын айтымында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов каза болду деген кабар тарагандан кийин анын чын-төгүнүнө жетүү үчүн атайын иликтөө тобун түзүүгө Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратураны милдеттендирди.(BD)