Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Чуулгандуу "автокырсыкты" иликтөөгө президент өзү көзөмөлдүк кылат


Мындай маалыматты "Азаттыкка" ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында мекемелер аралык атайын оперативдүү иликтөө тобу Башкы прокуратуранын алдында түзүлүп, тутумуна Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин тажрыйбалуу кесипкөй адистери киргизилди. Анын ишине президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлдүк кылып, тергөө дыкат жүргүзүлүүсүнө аракет кылат. Бул мекемелер аралык иликтөө тобу соттук-медициналык, автотехникалык жана өрттөнүү боюнча экспертизанын алгачкы жыйынтыктарын алып, аны аягына чыгарууга милдеттендирилди. Ал эми ички иштер министри Молдомуса Конгантиев дүйшөмбү күнү автокырсыкты иликтөөнүн жүрүшү боюнча журналисттерге маалымат берет.(BD)

XS
SM
MD
LG