Мындай чечим бейөкмөт уюмдар менен оппозиция лидерлеринин бүгүнкү жолугушуусунда кабыл алынды. Ал тууралуу "Азаттыкка" "Интербилим" уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында жолугушууга ондон ашык бейөкмөт уюмдун жетекчилери катышып, 27-мартта болчу нааразылык акциясына катышаарын билдиришти. Жарандык коом анда социалдык абалды жакшыртуу, энергетика тармагындагы кризисти жоюу жана өкмөт эл үчүн иштесин деген талаптарды коет. (BD)