Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери Британияда каржы кризисинен чыгуу аргасын талкуулоодо


Британиянын түштүгүндөгү Хоршэм шаарчасында кечээ башталган жыйынга дүйнөдөгү эң ири экономикалык системасы бар 20 өлкөнүн каржы министрлери менен борбордук банк жетекчилери келишти. Жолугушууда дүйнөлүк экономикалык кризисти тизгиндөөнүн аргалары изделүүдө. АКШ башка өлкөлөрдү мамлекеттик көмөкчү коромдорду көбөйтүүгө чакырууда. Франция менен Германия оболу каржы базарын катуу көзөмөлгө алууга үндөшүүдө. Бүгүнкү отурумда тараптар апрель айында Лондондо өтө турган Чоң жыйырмалыктын мамлекет башчыларынын саммитинин камылгаларын көрүшүүдө. Чоң жыйырмалыкка дүйнөлүк экономиканын 80 пайыздан ашуунун түзгөн – АКШ, Жапония, Кытай, Европа биримдиги өлкөлөрү, ошондой эле Орусия, Бразилия, Түштүк Корея, Түркия жана Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөр кирет.

XS
SM
MD
LG