Бүгүн Пакистандын маалымат министри, мурдагы журналист Шерри Рехман айым өлкөдөгү саясий кризис курчуп турган маалда кызматынан чегинди. Саал мурдараак көз каранды эмес “Гео” сыналгы каналы расмий Исламабад бул каналга калайыктын нааразылык чараларын калыс чагылдырууга тоскоол кылууда деп билдирген. Бейшембиде жер-жерлерде башталган ири нааразылык жыйындарын уюштуруучулар дүйшөмбү күнү (16-мартта) Исламабаддын өзүндө бирдиктүү демонстрацияга чогулаары күтүлүүдө. Оппозиция президент Асиф Али Зардариден мурдагы мамлекет башчы Первез Мушарраф 2007-жылы мыйзамсыз кызматтан алган сотторду кайра ордуна коюуну талап кылууда. Соңку күндөрү миңден ашуун оппозиция өкүлдөрү камакка алынганы кабардалды.