Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Кыргызстанда жумушсуздардын саны катталгандан беш эсе көп


1-мартка карай өлкөдө жумушсуздардын саны 67 миңден ашты. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, жумушсуздук мурдакы жылга салыштырмалуу быйыл 5,7 пайызга төмөндөдү. Адистер болсо жумушсуздардын реалдуу саны бери эле дегенде 300 миң адамды түзөт деп баамдашууда. Алардын айтымында бардык эле жумушсуздар расмий каттоодон өтө бербейт. “Анын үстүнө Орусиянын чек ара кызматынын соңку билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстанга кайткан кыргыз мигранттарынын саны бир жыл мурдакыга салыштырмалуу он эсе көп болгон. Бул да өз кезегинде жумушсуздардын катарын калыңдатат”, - дейт адистер. (ES)

XS
SM
MD
LG