Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

К. Раимкул уулу: Турган машинени сүзгөндө өрт чыкпайт


“Дүйнө авто индустриясы эң коопсуз деп тааныган унаалардын бири “Lexus 470” cүзүшкөндө дароо өрттөнүп кетиши акылга сыйбаган көрүнүш. Бул мүмкүн да эмес”, - деп “Азаттыкка” курган маегинде Бишкек шаардык МАИ башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Раимкул уулу билдирди. “Эгер мотор жагынан зымдар тийишип өрт чыга турган болсо, ичиндеги тирүү эркек адамдар кантип жок дегенде терезени тээп чыгып кете албасын. Токтоп турган машинени сүзгөндө мынчалык өрт чыгып, ичиндеги адамдар таанылгыс болуп өртөнүп кетмек эмес”, - дейт К. Раимкул уулу. Жума күнү Бишкектен анча алыс эмес эки унаа сүзүшүп, толугу менен өрттөнүп, “Lexus 470” унаасында отурган үч адам толугу менен күйүп кеткен. Алардын бири президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов деп болжолдонууда. (ES)

XS
SM
MD
LG