Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Пакистанда согушкерлер НАТОнун аскерлерине багытталган жүктөрдү өрттөп жиберишти


Окуя Пешевар шаарынын чет жакасында болгон. Талибдер деп шектелген согушкерлер НАТОнун Ооганстандагы күчтөрү үчүн жүк тартып бара жаткан 20 автоунаага токтоп турган жеринен кечээ түнү өрт коюшкан. Автоунааларды көздөй бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан согушкерлер аларды кайтарып тургандарга ок чыгаруу менен экөөсүн жаракат кылышкан жана качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул - Пакистандын түндүк -батышынан НАТОнун Оганстандагы күчтөрү үчүн жүк тарткан автокербендерге акыркы бир нече айда жасалган эң ири кол салуу болду.

XS
SM
MD
LG