Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Ооганстанда НАТОнун төрт аскери мерт болду


Командачылыктын билдирүүсүнө караганда, төрт жоокер өлкөнүн чыгышында жол боюна көмүлгөн бомбага кабылган соң каза табышкан. Жоокерлер кайсыл өлкөнүн жарандары экени айтылган жок. Пакистанга чектеш Нангархар провинциясындагы бул кол салуу үчүн Талибан кыймылы жоопкер болду.

Ал эми башкаала Кабулда жекшемби күнү жанкечти өзү айдаган автоунааны чет элдик аскерлердин кербени өтүп жаткан кезде жардырып жиберди. Андан жөн-жай эки жолоочу мерт болду, бирок чет элдик аскерлер жабыр тарткан жок.

XS
SM
MD
LG