Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Орусиянын Ыраакы Чыгышында өкмөткө каршы демонстрация өттү


Владивосток шаарында көчөгө чыккан 1000дей демонстрант орус өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Нааразылык акциясынын Орусиядагы экономикалык кризис менен байланышы бар. Шаардын көчөлөрү аркылуу полициянын коштоосунда өткөн демонстранттар премьер- министр Владимир Путинге каршы ураан –чакырыктарды айтышты.

Глобалдык экономикалык кризис Орусиянын экономикасына олуттуу сокку уруп, жүз миңдеген адамдарды жумушсуз калтырган былтыркы жылдан бери Владивостокто өкмөткө каршы ири нааразылык акциялар буга чейин да өткөн эле.

XS
SM
MD
LG