Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Пакистан Жогорку Соту ордуна кайра келет


Пакистан бийлиги Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Ифтихар Чоудрини кызматка кайра коюу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз өкүлү билдирди. Чоудри иштен 2007-жылы мурдагы президент Первез Мушараф тарабынан четтетилген жана аны кызматка кайра коюу – оппозициянын бирден-бир талабы болчу. Бүгүн Исламабадда оппозициянын нааразылык акциясы белгиленген. Нааразылыкка чыккандар сот системасы саясий кийлигишүүлөрдөн эркин болуусун, өкмөт көз карандысыз сот системасын орнотуу жөнүндөгү убадасын аткаруусун талап кылышууда. Пакистанда саясий кризис 25-февралда курчуган. Ал күнү Жогорку Сот Навази Шарифти жана анын бир тууганы Шахбаз Шарифтин шайланма кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салган болчу.

XS
SM
MD
LG