Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бийлик өкүлдөрү “Азаттык” үналгысынын уктурулбай калган себебин түшүндүрдү


“Азаттык” үналгысы эмне себептен элге угулбай жаткандыгы тууралуу суроо оппозиция тарабынан 10-мартта бийликке берилген. Күч органдарынын жетекчилери бүгүн маалымат жыйынында "Азаттыктын" УТРК аркылуу элге жетпей калышына негизги себеп - америкалык тараптын келишимдеги милдеттерди так аткарбаганы, ал эми эң маанилүү себеби –“Азаттык” аркылуу кеткен маалыматтардын мазмуну болууда деп билдиришти. Улуттук телеканал өзүнүн обосу аркылуу бийликти катуу сындаган, бир жактуу айыптаган макалаларды кетире албагандыктан, “Азаттыкты” угузууну токтотууга аргасыз болгон. “УТРК жетекчилиги бир нече жолу үналгы башчылыгынан маалымат жазуу мазмунун өзгөртүүсүн өтүнгөн, бирок андан натыйжа чыккан эмес,” деп белгилешти күч органдарынын башчылары. Бийлик өкүлдөрү ошондой эле азыр “Азаттык” Кыргызстанда бир катар жеке үналгылардын толкундары аркылуу элге жетип атканын айтышты. Каалоочулар “Азаттыкты” спутник жана интернет аркылуу кармап угууга болорун да белгилеп кетишти.
"Азаттык" үналгысынын жетекчилиги буга чейин "америкалыктар толкундар үчүн төлөнүүчү акчаны кечиктирген" жана "маалыматтары бир жактуу бийликти күнөөлөйт," деп УТРК коюп жаткан дооматтар негизсиз экендигин билдирген. "Азаттык" үналгысы маалыматтарды эл аралык журналистиканын стандарттарына ылайык, журналисттик алдыңкы сапат жана этика нормаларын кармануу менен бейтарап, калыс жана объективдүү чагылдырып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG