Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Коргоо министрлигинин мурунку жетекчилиги 4,5 миллиондой сом чыгым келтирген


Иликтөөнүн жүрүшүндө анын бир миллиондон ашыгы кайра өкмөт казнасына кайтарылган. Бул тууралуу баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Каржы полициясынын башчысы Акин Муйбиллаев жана Коррупциянын алдын алуу боюнча комиссар Садыр Жапаровдун опозициянын суроолоруна даярдаган жоопторунда айтылат. Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) лидерлеринин бири, мурунку коргоо министри Исмаил Исаков башында турган министрлик жетекчилигине Баш прокуратура үч кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу , “өкмөттүн акчасын мыйзамсыз колдонуу”, деген айыптар коюулууда. Бийлик өкүлдөрү ошондой эле мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго, БЭКтин өкүлдөрү Накен Касиеге, сапарбек аргынбаевге козголгон кылмыш иштерин негиздүү деп билдирди. Оппозиция муну бийликтин саясий куугунтугу катары баалап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG