Кайрылууда айтылгандай бириккен оппозиция Медет Садыркулов саясий тапшырма менен киши колдуу болуп өлдү, деп эсептейт. Ошондой эле кайрылуу ээлери М. Садыркуловдун өлүмүнө анын түздөн-түз саясий ишмердиги жана президенттин үй-бүлөлүк башкаруусунун “ички ашканасын” терең билгендиги себеп болду, деп бекемдешет. Ошондой эле анда БЭК М. Садыркуловдун өлүмүнө Кыргызстанды башкарган Бакиевдердин үй-бүлөлүк кландык бийлиги күнөөлүү, деп эсептээри тууралуу жазылган. БЭК бул окуяга байланыштуу парламенттик угуу чакырууну, Кыргызстандагы күч органдарын теле аркылуу түз, ачык суроону талап кылган.(ZKo)