Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Йемендеги жардыруу үчүн 12 адам абакка түштү

Йеменде полиция өткөн жекшембиде болгон террорчулукка байланыштуу 12 кишини камакка алды. 15-мартта жарылуудан түштүк кореялык төрт турист жана йемендик айдоочу набыт болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн маалымдашынча, камакка алынгандар террорчулукту уюштургандар тууралуу маалыматка ээ болушу ыктымал. Полиция бул кол салууну “Aл-Кайида” уюму менен байланыштырууда. Маалым болгондой, Йемен – “Aл-Кайиданын” лидери Усама бин-Ладендин ата-бабаларынын кичи мекени болуп саналат жана бул өлкөдө буга чейин чет өлкөлүк туристтерге бир нече жолу кол салуулар болгон.
XS
SM
MD
LG