Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Балдарды эне сүтү менен багууну коргогон мыйзам ишке кирди


Бүгүнтөн баштап ишке кирген бул мыйзамга ылайык, Кыргызстанда эми алты айга чейинки балдар үчүн сүт жана башка кошумча азык-тамактарды рекламалоого айрым чектөөлөр киргизилмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттар Уюмунун балдар корунан (ЮНИСЕФ) кабарлашты. Иликтөөлөргө ылайык, өлкөдө беш айга чейинки балдардын дээрлик токсон пайыздан ашыгы кошумча тамактандырыла баштайт. Даарыгерлердин айтымында алты айга толо элек балага эне сүтүнөн башка тамак берүү наристенин ден-соолугуна өтө зыян. (EBM)

XS
SM
MD
LG