Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

“Ата Мекен” Жекшенкуловдун өмүрүнө камтама болуп жатат


“Ата Мекен” партиясы бүгүн Аликбек Жекшенкуловдун өмүрүнө тынсызданган билдирүү таратты. Анда аталган партия такталбаган маалыматтарга таянып тартип коргоо органдары А. Жекшенкуловду Улуттук Коопсуздук боюнча мамкомитеттин абагынан Бишкектеги убактылуу тергөө жайына которууну көздөп жатканын айткан. Бул жайда жакында эле Исмаил Кочкаровдун өлтүрүшү мисал кылынып, бийлик тергөө жайларын көзөмөлдөбөйт, ушундан улам оппозиция лидеринин өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал, деп баса белгиленген. Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) лидерлеринин бири А. Жекшенкулов 9-мартта анын тапанчасынан адам өлтүрүлгөн деген кине менен камакка алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG