Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Аксыдагы эскерүү аяктады


2002-жылы 17-18-марттагы кан төгүүдө курман болгондорду эскерүү митингинде катышуучулар Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү өз жазаларын алышпаганына, былтыр элдик сотто чыгарылган чечимдердин аткарылбаганына нааразылыгын билдиришти. Мындан тышкары 2008-жылы Кара-Жыгачта болгон Элдик сотто чыгарылган чечимди аткаруу, оппозиция мүчөлөрүнө саясий куугунтукту токтотуу талаптарын коюп, бул талаптарды ишке ашырууга бийликке 25-мартка чейин убакыт беришти. “Эгер талаптар аткарылбаса, 2009-жылы 26-мартында баш бийликти алмаштыруу акциясына чыгабыз,” деп билдиришти митингдин катышуучулары. Эскерүү митингинде чыгып сүйлөгөндөр азыркы башкаруу саясатына да нааразылыгын билдиришип, президент Курманбек Бакиевди бийликтен кетсин, деп талап кылышты.
2002-жылдын 17-18-мартында Аксыда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилүүсүнө каршылык кылганы үчүн камалган депутаты Азимбек Бекназаровдун бошотулуусун талап кылып, жөө жүрүш менен келе жаткан элди аткан бийликтин огунан 6 адам каза таап, ондогон киши жарадар болгон.(YA)

XS
SM
MD
LG