Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кыргызстандагы уран калдыктары ташталган таштандыларды бүтөө иштерине 40 млн доллар керек


Бул тууралуу чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Эндрю Тесорьер менен болгон жолугушууда билдирди. Министр уран калдыктары жана жаратылышка кооптуу таштандылар ташталган аймактар өлкөдө көптүгүн, алардын баарын бүтөп-оңдоо иштерине жетиштүү каражат өлкөдө жоктугун белгилеп, үмүттүн баары сырттан келүүчү жардамда калгандыгын кошумчалады. Ошондой эле ал өткөн жылы мындай жайларды реабилитациялоо үчүн ЕККУ тарабынан жасалган бир катар теориялык иштерди да белгилеп, быйылкы жылы жардам иш жүзүндө көрсөтүлөрүнө ишенерин билдирди. Бул тууралуу ЧКМдин маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG