Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Аксы окуясы Акүйдүн алдында эскерилди


17-мартта Аксы окуясына жети жыл болду. 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун тургундары өз депутаты А.Бекназаровдун камалышына нааразылык билдирип, район борборун карай баратканда Боспиекте атылган.

Каргашалуу Аксы окуясын эскерүү 17-мартта Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында болду. Андан сырткары Аксы районундагы Боспиек айылында каза болгондор эскерилип, куран окулду. Аксыдагы эскерүү иш-чараларына Азимбек Бекназаров катышканы маалымдалды.

Аксы окуясынын жети жылдыгына карата президент Курманбек Бакиев да эскерүү сөзүн жарыялады. Ал тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов буларды айтып берди:

- Эскерүү сөзүндө президент эркиндик үчүн, жарандардын укугу жана адилеттүүлүк үчүн жалтанбай чыгып, эр жүрөктүүлүк кылган жигиттерибизди эч качан унутпашыбыз керектиги айтылган, ошондой эле элдин эркин күч менен майтарууга болбой турганын Аксы каргашасы күбө катары белгиленип айтылган.

Акүй алдында болгон эскерүү митингисине элүүдөн ашуун киши катышты. Алардын арасында укук коргоочулар, оппозиция лидерлери да болду.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова акциянын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Биринчиден, Аксы трагедиясына жети жыл болду. Ошон үчун Аза күтүү сааты деп атадык. Экинчиден, Конституциялык соттун эки чечими бар тынч пикеттер боюнча. Аны өкмөт сөзсүз түрдө аткарыш керек. Анан Аксыда жапа чеккендерге акыйкат сот керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева Аксы окуясын эскерүүнү элдин эстутумун түптөө катары атады :

- Эл болобуз десек, өзөктүү эл болобуз десек, өзүбүздүн ушундай трагедияларыбызды эстеп турушубуз керек. Ошонун аягына, түбүнө чейин чыгышыбыз керек. Антпесек чачырап жок болуп кетебиз.Бул 17-мартта болгон кыргыздын трагедиясы. Эгерде эстутумубуз бар болсо – мына ошондо гана элге айланабыз. Биз азыр ошол өзүбүздүн пайдубалыбызды түптөп жатабыз.

Акүй алдындагы эскерүү митингисинде оппозиция лидерлери Исмаил Исаков, Темир Сариев, Топчубек Тургуналиев, Эмил Каптагаев жана Эркин Булекбаев да болду.

Исмаил Исаков Аксы окуясына карата мындай пикирин ортого салды:

-Биз бүгүнкү бийликте отурган азаматтарга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы бир жолу эскертип коелу, Аксыдагыдай эл өзүнүн нааразычылыгын тынч жол менен билдирейли дегенде ок атпагыла, атсаңар баарыңардын башыңарга ушундай иш түшөт деп жатабыз. Мына ушундай ой менен жарандык уюмдар бул акцияны уюштурган экен биз келип, аларды колдоп жатабыз.

Ал эми Темир Сариев буларга токтолду:

-Бул Аксы окуялары унутула элек. Анткени анын аягына эч ким чыккан жок. Эмне болгон, кандай болгон, ким күнөөлүү дегенге жооп жок. Бүгүнкү бийлик ошол окуяларды аягына чыгарабыз деп убада берген.Алар да аягына чыгара алышкан жок. Өкмөттүк эмес уюмдар демилге көтөрүп, 17-мартты эскерүү күнү катары белгилейли дешкен, биз мына саясий партиялардын башчылары ошону колдоп келип, Акүйдүн алдында турабыз.

Коомчулукта Аксы окуясына күнөөсү барлар ушул кезге чейин жазасын ала элек деген пикирлер бар. Аксы окуясында жабыркагандар
Кыргызстанда адилеттүүлүк таппай Бириккен Улуттар Уюмуна чейин арыз жазганы белгилүү. Ал арыздар тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков буларды билдирди:

-БУУга 17 даттануу берилген. Алар кароо алдында турат. Бирөөсү чечилди. Мен жазган даттануум БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине барып түшкөндөн бери алар мамлекетке бир нече суроо жиберишиптир. Бирок эмне иш кылынгандыгы тууралуу мамлекет алгылыктуу жооп берген эмес. БУУда мен берген даттанууларды чын деп эсептешкен.

Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулары 2002-жылы 17-мартта Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтоткон. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-согулган.

С.Жайчыбеков: "Бийлик убадасын аткарган жок"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG