Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Эне сүтүнөн өтөөрү жок


Кыргызстанда беш айга чейинки балдардын дээрлик токсон пайызы кошумча тамактандырылат
Кыргызстанда беш айга чейинки балдардын дээрлик токсон пайызы кошумча тамактандырылат

Кыргызстанда 17-марттан баштап балдарды эне сүтү менен багууну коргогон мыйзам ишке кирди. Мыйзамга ылайык, өлкөдө алты айга чейинки балдар үчүн кошумча тамактарды рекламалоого айрым чектөөлөр кирет.

Анара аттуу келин уулу ирмийип арык болгондуктан үч айынан тарта эле буламык бере баштаган. Бирок догдурлар жаш энеге алты айга чейин жалаң сүт менен бак деген кеңеш беришкен:

- Алты айга чейин бала өзүнүн энесинин сүтүн эмет. Анткени ал дайыма бир температурада болот экен. Кошумча тамак-бергенде, бир күнү ысык беришибиз мүмкүн, бир күнү муздак. Ошон үчүн алты айга чейин ашказаны бузулат, деп негизи сүт эле берилет экен. Балам тойбогондуктан мен кошумча тамак берип атам.

Кыргызстанга балдар үчүн тамак-аштарды 15 өлкөдөн жыйырмадан ашык компания алып келет.

Адисттер алты айга чейин наристелерди жалаң эне сүтү менен багуу кеңешин берет

Улуттар уюмунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) билдиришинче Кыргызстанда беш айга чейинки балдардын дээрлик токсон пайызына кошумча тамак бериле баштайт.

Турсун Мамырбаева Энелерди жана балдарды коргоо боюнча улуттук борбордун тамактандыруу боюнча бөлүм башчысы:

- Жаш энелердин балдарын жасалма сүт азыктары менен тамактаныдырып жатышынын себеби, бул азыктардын кутусунун сыртында дамдын көңүлүн бурган, жакшынакай рекламаларды жазып коет. Көпчүлүк энелер “менин сүтүмө караганда, атайын жасалган тамактар жакшыраак болсо керек”, деп ойлошот. Мунун жаман жагы баланын ден-соолугуна зыян. Экинчиден үй-бүлөнүн бюджетина да кошумча чыгым болот.

Айыл жергесинде энелер мындай рекламаларга деле азгырылбайт, дейт тамактандыруу боюнча Талас облусундагы координатор Жамийла Мадалбекова. Элетте балдар төрөлгөндөн тарта ун кууруп буламык жасап берүү, же болбосо койдун куйругун сордуруп коюу кадимки эле көрүнүш. Бирок бул баланын ашказанын бузат:

- Аялдарда сүт жок деп туруп эле кошумча тамак берип жатышат. Үйдөгү ар кандай, айран, печенье, сүттөрду тамагына эрте кошуп жатышат. Анан абдан эле жайылган нерсе бул – куйрук майды да сордурушат экен.

Төрөт үйлөрүндө эне сүтүнүн пайдасы кеңири жарыяланат

10-13-март күндөрү ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Орто Азиядагы балдарды тамактандыруу боюнча адисттерге семинар өткөргөн. Иш-чарага келген Түркмөнстандын башкы педиатры Бийке Гаированын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандагыдай мыйзам түркмөн мамлекетинде да даярдалып кол коюлганы жатат:

- Бизде аялдар балдарын орто эсеп менен 2-2,5 жашка чейин эмизет. Балдар чоңоюп, ары-бери чуркап калгычакты эмет. Кечинде ансыз укташпайт. Кээде, бир жаштан кийин эле эмчектен чыгарса болмок экен деп да ойлойсуң. Эки жарым жашка чыгып калган баланы эмчектен чыгаруу өтө кыйын болуп калат.

Адисттер неси болсо да баланын эрте эмчектен чыгаргандан көрө көбүрөөк эмизүүгө артыкчылык беришет. Мындай бала дени алда канча сак болуп чоңоет. Азыр аялдар арасында иштегендер көбөйгөндөр балдарын аз убакыт гана сүтү менен багуу көрүнүшү жайылып баратканына тынчсыздануу билдиргендер да жок эмес.

Бирок адисттердин айтымында, энелер сүтүн сактап эмизүү мөөнөтүн узарта алат. Маселен балалуу аял сүтү мол кезде бөтөлкөгө саап муздаткычтын муз тондуруучу жерине коюп койсо, мындай сүт 18 градуста бир жылга чейин сакталат.




XS
SM
MD
LG