Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өкмөт үйүндө Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун төрагалыгы астында жыйын өтүүдө. Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү катышып жаткан ал жыйында Кыргызстандагы стратегиялык ишканалардын тизмесин бекитүү маселеси каралууда. “Стратегиялык ишканалар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык стратегиялык обьектердин тизмеси Коопсуздук кеңештин сунушу менен өкмөт тарабынан аныкталат.(AiT)