НАТОнун Баш катчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн Кабулда чыгып сүйлөп, Ооганстанда август айында өткөрүлөөрү белгиленген президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөгө кошумча 4 миң жоокер, башкача айтканда, төрт жаңы батальон зарыл деп айтты. Кабулга жасап жаткан иш сапары маалында Схеффер Ооганстандагы кырдаал аскердик ыкмалар менен гана жайгарыла албастыгын да баса белгиледи. 3-апрелде Прагада өз ишин баштай турган НАТО саммити Ооганстандагы кырдаалды күн тартибинин башкы маселелерине кошкону кабардалууда.
НАТО жетекчиси Ооганстандагы шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча аскер керек деп билдирди