Бүгүн Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев мыйзамдуулуктун өткөн жылдагы абалы боюнча Жогорку Кеңеште отчет берет. Парламент андан тышкары Акыйкатчы Турсунбек Акундун 2008-жылдагы ишмердигине баа берет. Ал өткөн жума күнү баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп бере баштаган. Бирок түштөн кийин кворумдун жоктугунан талкуу уланбай калган болчу. (BD)