Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Т.Сариев: “БЭК нааразылык акциясын өткөрүүгө даяр”


Бирдиктүү элдик кыймыл жана ага кирген саясий партиялар бардык облус, шаар жана район бийликтерине 27-мартта боло турган акция тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” нааразылык акциясын өткөрүүгө жооптуу “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев кабарлады. Анын айтымында, демилгелүү топтор митинг өтө турган жайларды тактап, даярдык көрүп жатышат, бирок активдүү адамдарга кысымдар болууда. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов “Азаттыкка” нааразылык акциясын өткөрүүгө жергиликтүү бийликтер уруксаат берсе жана мыйзам чегинде болсо эч кандай каршылык болбосун билдирди. Оппозиция болсо акцияда башкы маселе- социалдык-экономикалык абалды оңдоо болот, бирок акыркы саясий кырдаал да талкууланып, чечим кабыл алынат деп болжолдоодо.(BD)

XS
SM
MD
LG