Чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 18-мартта “Мешхед-Бишкек” аба каттамы менен Манас аба майданына 43 жаштагы Иран жараны келип түшкөн. Чек арадан өтүүдөгү текшерүүдө ал жарандын Кыргызстанга келүүсүнө тыю салынганы аныкталып, ал кайрадан артка жиберилген. (AiT)