Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Конституциялык сот: Президенттик шайлоо быйыл өтүш керек

19-мартта Конституциялык сот президенттик шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтүн аныктоо боюнча маселени карап, шайлоону быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өткөрүү чечимин кабыл алды. Мындай чечим 2003-жылкы Конституциянын негизинде кабыл алынды. Президенттик шайлоонун так күнүн Жогорку Кеңеш аныктоого тийиш. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактап берүү арызы менен февраль айында Конституциялык сотко кайрылган. Сот ал кайрылууну бүгүн карап, өз чечимин чыгарып берди.(AiT)
XS
SM
MD
LG