Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

“Ала-Тоо ынтымагы” коому орточул позицияны көздөйт


Коомдун төрагасы экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин айтуусунда, коомдун негизги максаты азыркы саясий экономикалык курч абалдан чыгуунун жолун издөө болуп саналат. “Азыр бийлик менен оппозициянын тирешүүсү эч жыйынтык бербейт. Маселени тынчтык, ынтымак жолу менен чечүү керек. Биз эки жактын тең ойлорун угуп, кайсы маселе бүгүн актуалдуу болсо ошонун үстүндө иштей баштайбыз”,-дейт Муралиев. “Ала-Тоо ынтымагы” коому 28-февралда жыйын куруп анда элге карата кайрылуу кабыл алган. Коомдун ордо кеңеши азыр 31 кишиден турат. Алар жер жерлердеги өз алдынча иш алпарып келген ынтымак коомдору менен бирдикте иштөөнү максат кылып жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG